Биз менен байланышыңыз

Будапешттеги сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 530 | 0

Венгриянын борбор калаасы Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине жазуучу Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Сейил бакка кыргыз жазуучусунун ысымын ыйгаруу аземине президент Сооронбай Жээнбеков, Будапешттин мэри Гергей Карачонь катышты.

Будапешт мэри венгер окурмандарынын кеңири сүймөнчүгүнө ээ болгон улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун талантын даңазалаган жай эми Будапештте бар экендигин канааттануу менен белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Чынгыз Айтматовдун элүүгө жакын чыгармасы венгер тилине которулганын жана учурунда ал Венгриянын мамлекеттик жогорку ордени — Офицердик крест менен сыйланганын айтты.

Жээнбеков сейил бакта Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен баарлашты. Аларга иш сапарынын жыйынтыктары, анын ичинде Кыргызстандан келген студенттер үчүн билим алуу квоталарын көбөйтүү тууралуу макулдашуу, Бишкек менен Будапешттин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу пландары жөнүндө айтып берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM