Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Венгриялык кесиптешин Кыргызстанга чакырды

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 318 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-сентябрда Венгрияга расмий визитинин алкагында Венгриянын президенти Янош Адер менен жолугушту. Анда Кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды.

Ошондой эле суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, экологияны коргоо боюнча пикир алышуу болду.

Венгрия президенти суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу маселеси мөңгүлөрдүн эриши жана глобалдык чакырыктарды эске алуу менен актуалдуу экенин айтты. Буга байланыштуу келечекте дүйнө өлкөлөрүнүн күн тартибинде суу пайдалануу маселеси артыкчылыктуу болорун белгиледи.

Жээнбеков жогорку деңгээлдеги туруктуу сүйлөшүүлөр кыргыз-венгер кызматташтыгын активдүү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берерине ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле, Кыргызстан экологиялык маселелерге өзгөчө маани берерин, ата мекендик айыл чарба продукциялары экологиялык таза экендигин, мунун эсебинен продукция чет элдик рынокто ийгиликтүү атаандаш боло аларын белгиледи.

Жээнбеков бул багытта кызматташууга даярдыгын билдирип, Венгрия президенти Янош Адерди Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM