Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Венгрия парламентинин төрагасы менен жолукту

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 293 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-сентябрда Венгрияга жасаган расмий визитинин алкагында Венгриянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушту.

Ласло Кёвер президент Сооронбай Жээнбековдун расмий сапары жакшы натыйжаларга ээ болгондугун белгиледи. Ал Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду сыяктуу долбоорлор аркылуу  биргелешкен аракеттерди өнүктүрүүгө, парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө  даярдыгын айтты.

Ошондой эле эпидемиялык кырдаал турукташкандан кийин Кыргызстанга келүү ниети бар экендигин айтып, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы менен жемиштүү кызматташууга ишеним артты.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө эки өлкө ортосундагы мамилелер жаңы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгып жатканын, саясий, экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуу жигердүү өнүгүүдө экенин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM