Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2020: Үгүт учурундагы мыйзам бузуулар, созулган тергөө

Саясат , Шайлоо-2020 | 25 Сен 2020 | 276 | 0

Парламенттик шайлоого карата процессте мыйзам бузуу фактылары социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында таркап келет. Булардын айрымдарын кылмыш катары баалап, каттоого алса, кээ бирлерине далил жетишсиз. Каттоого алынып, тергөө башталгандан бери бир ай убакыт өткөн фактылар дагы бар.

Шайлоо процессинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратура бардык аймактарда атайын штаб түздү. Алар жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, интернет булактарындагы жарыяланган макалаларга, билдирүүлөргө мониторинг жүргүзүп, даттанууларды карайт. Мындай билдирүүнү 23-сентябрда Өткүрбек Жамшитов президент Сооронбай Жээнбеков менен онлайн-жолгушуусунда билдирди.

Баш прокурордун айтымында, интернет булактарына жарыяланган шайлоо процессине тиешелүү болгон публикациялардын элүү алтысына Штаб тарабынан мониторинг жүргүзүлүп, анын 26 учуру Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Бул ишти прокуратура Ички иштер министрлигине өткөрүп берген. Катталган фактылардын ичинде Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мүсүркановдун иши дагы бар. Ал өткөн айдын аягында айыл тургундарын чогултуп, «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовду колдоп, добуш берүүсүн суранган. Талапкер айылдыктардын колдоосу үчүн 500 миң сом убада кылганын айыл өкмөт башчысы айткан.

«Биримдикти» үгүттөгөн айыл өкмөт башчысы дагы деле кызматта

Бул боюнча Нарын районунун акими Курманбек Кудайбергенов акимиаттан атайын комиссия түзүлүп, ишти териштирип жатканын айткан эле. Бирок үч аптадан кийин деле ушул жоопту берди.

Укук коргоо органдары тарабынан бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүрүп жатат, жыйынтыгын бизге билдире элек. Биздин комиссиянын жыйынтыгы чыга элек, мыйзам талаасында ишти алып барып жатышат. Бүгүн-эртең жыйынтыгы чыгып калат. Мүсүрканов азырынча кызматтан кете элек, муну укук коргоо органдары териштирип бүтсө, кылмыштын курамы табылса, өздөрү эле чечими чыгарып коюшат экен, — деп кайталады Кудайбергенов.

Аким бул иштин созулуп жатканынын себеби Мүсүрканов үгүттөгөндүгүнө күбө болгон айрым кишилердин жок болуп жаткандыгы менен байланыштуу экенин кошумчалады.

Маалыматка ылайык, Мүсүрканов катышкан видеоматериал боюнча фактыны райондук прокуратура Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берген.  Облустук ИИБ бул маалымат такталып, Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде тергелип жатканын билдирди.

Акимиат айыл өкмөт башчысын кызматтан четтетүү үчүн укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жаткандыгы боюнча билдирүү бериши керектигин, аны аталган орган бербей жатканын билдирип келет.

Ушундай эле административдик ресурстарды пайдалануу Ош облусунун Өзгөн районундагы мектептердин биринде да катталган. Анда Мырза-Арык айылындагы Бөрү Асранкулов мектебинин директору М. Үчкемпирова мугалимдерди “Биримдик” партиясынын талапкерлери менен жолугушууга мажбурлап,  аларга басым жасаган. Ал «мугалимдерге айлыкты мамлекет бергендиктен, өлкөнү жетектеген адамдардын партиясына добуш беришибиз керек» деп билдирген.

Бирок бул иш боюнча дагы кылмыш иши козголбой, райондук билим берүү бөлүмүнөн эскертүү алуу менен гана чектелген.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы бул маалыматта айтылган коркутуулар болбогондугун аныктаган. Аталган мектептин мугалимдери директор коркутпаганын, алар өз ыктыяры менен талапкерлер уюштурган жолугушууга барышканын айткан. Бул тууралуу Ош ОИИБнын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев билдирди.

Директор эмгек жамаатын «Биримдик» партиясына үгүттөп жатат деген маалымат КЖБРге катталып, бирок мектептин мугалимдер жамааты андай коркутуу болбогондугун айтышкан. Андыктан соцтармактарда тараган аудиодо айтылган маалыматтар далил болбойт деп табылган, — деди Аширбаев.

Ал эми диний чөйрөдөгү кызматкерлер шайлоодо үгүт иштерине катышуусуна Муфтият катуу тыюу салганын билдирген. Бирок ага карабастан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын карасуулуктар менен өткөн жолугушуусуна райондун имамы Абдирашит ажы Батыров катышкан. Иш-чаранын жүрүшүндө талапкерлер программасы менен тааныштырып, убадаларын бергенден кийин имам бата берген.

Диний кызматкердин бул кадамы сынга кабылып, Ош облустук казыяты ага эскертүү бергенин билдирген эле. Анын себебин казынын орун басары Нурбек Орунбаев мындайча түшүндүрөт:

Ал жерде Кара-Суунун имамы бир партияга үгүттөп, бир талапкердин атын атап, дуба кылган эмес. Болгону эл-жер үчүн бата кылып, тынччылык, бакубатчылык тилеп дуба кылган. Биз ага карабай аны чакырып, катуу эскертүү бердик. Эгерде дагы кайталана турган болсо, кызмат ордунан четтетүү маселеси каралат.

Мындай мыйзамсыз иш-аракеттердин тергөөсү созулуп жатканы дагы мыйзамга каршы келет. Мындай билдирүүнү Боршайкомдун мурдагы төрагасы Акылбек Сариев айтат.

Сариевдин айтымында, кайсы орган болбосун мыйзамга ылайык, өзүнө түшкөн ишти үч күндөн беш күнгө чейин карап, чечим чыгарышы керек.

Бул мыйзам сотко дагы, прокуратурага жана шайлоо комиссиясына да тиешелүү. Негизинен өлкөнүн 10-15 жылдык тарыхында административдик ресурстарды колдонду деп кызматкерлерди массалык түрдө кармаганын уга элекмин. Ар бир шайлоодо 2-3 гана учурду карап, жоопкерчиликке тартып коет. Муну көз боёо катары карасак да болот, — дейт Акылбек Сариев.

Конституциялык мыйзамга ылайык, административдик ресурстарды колдонгон жетекчилерге карата 30 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айыппул каралып, эки жылга чейин мамлекеттик кызматтан четтетүү каралган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышып, өлкө боюнча 3.5 миллиондой жаран шайлай алат. Шайлоого катышкан жалпы жарандардын 7 пайызынан жогору добушун алган партия парламентке келет.

Copyright © 2017 Maral FM