Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги 8 кесилишке жол чырактары орнотулат

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 443 | 0

Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы 8 жерге жол чырактарды орнотууга жана курууга конкурс жарыялайт.

Төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде жол чырактары орнотулат:

— Профсоюз жана Месароша көчөлөрүнүн кесилишине;

— Профсоюз жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишине;

— Дэн Сяопин жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишине;

— Алтымышев жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишине;

— Токтогул жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишине;

— Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишине;

— Жукеев-Пудовкин жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишине;

— Юнусалиев көчөсүнө «Мега Сити» борборунун маңдайына жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак коюлат.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жаңы жол чырактарга 4 млн 874 миң сом каралган. Конкурстун жыйынтыгы 28-сентябрда ачыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM