Биз менен байланышыңыз

Саясий партиялардын шайлоо фонддору 504 млн сом коротушту

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 457 | 0

Шайлоо тууралуу мыйзамдарга ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиялардын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү.

Маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.

БШКнын контролдук-текшерүү тобу 18-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.

Саясий партиянын аталышы

Келип түштү

Чыгымдалды

1

«Мекеним Кыргызстан»

108 215 641

105 053 771

2

«Биримдик»

97 408 300

89 602 259

3

«Кыргызстан»

90 539 602

88 407 824

4

«Ата-Мекен»

47 945 134

41 986 511

5

«Бир Бол»

38 537 293

38 520 449

6

«ЗАМАНДАШ»

37 292 000

37 278 196

7

«РЕСПУБЛИКА»

30 116 655

29 956 836

8

«Мекенчил»

13 060 175

12 360 334

9

«Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын»

10 169 500

10 117 303

10

«Социал-демократтар»

9 423 360

9 234 112

11

«ОРДО»

8 314 000

8 287 508

12

«Бүтүн Кыргызстан»

7 629 524

6 981 208

13

«Реформа»

7 539 662

7 259 269

14

«Ыйман Нуру»

7 063 800

6 562 480

15

«Мекен Ынтымагы»

7 039 210

6 986 882

16

«Чоң казат»

6 688 914

6 192 666

Бардыгы:

526 982 770

504 787 608

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM