Биз менен байланышыңыз

Өзгөндө 200 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 466 | 0

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Алча-Башат айылынын № 86 Кысык-Алма орто мектебинин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди.

Мектептин ачылуу аземине Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышты.

Кысык-Алма орто мектебинин 200 орунга ылайыкташкан жаңы имаратынын  курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 32 млн 700 миң  сом бөлүнгөн. Мектептин ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Компьютердик классы бар. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда. Учурда мектепте 197 окуучуга 18 мугалим билим жана тарбия берүүдө.

Ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т.Оморкулов атындагы мектебинин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды.

Аталган мектеп 1990-жылы курулган. Мектептин 1-корпусу 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 54 млн сом бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM