Биз менен байланышыңыз

АКШ элчилиги өкмөт, ЖМК өкүлдөрүнө англис тилин акысыз үйрөтөт

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 605 | 1

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте жана өлкөнүн бардык аймактарында “Жаш адистерге англис тили” программасынын үчүнчү этабын баштайт.

Элчилик “Лингва” инновациялык билим берүү фонду менен биргеликте 1500дөн ашуун мамлекеттик кызматкер, басма сөз кызматкерлери жана жарандык коомдун мүчөлөрү үчүн бир жылдык англис тил курстарын акысыз окутат.

Программа АКШ менен Кыргызстандын байланыштарын кеңейтүү максатында англис тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бишкек шаарында 23 министрлик жана мамлекеттик органдар программага катышат.

“Жаш адистерге англис тили” программасынын алкагында 2019-жылы 568 катышуучу 200 сааттык билим алышты. Программанын катышуучуларынын катарына Ички иштер министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика министрлиги, Жогорку Кенеш, Мамлекеттик кадр кызматы, Интеллектуалдык менчик кызматынын кызматкерлери жана башкалар киришкен.

Долбоор 2018-жылдын ноябрь айында башталып, Кыргызстандын беш аймагында иштеп келген.

Программанын катышуучулары чет өлкөлүк алдыңкы басмаканалар тарабынан чыгарылган сапаттуу окуу китептери менен камсыз болушат. Бардык сабактар жогорку квалификациялуу мугалимдер тарабынан окутулат, анын ичинде жогорку деңгээлдеги студенттер менен иштөө үчүн эне тилинде сүйлөгөн мугалимдер дагы бар.

2020-жылдын программасына кабыл алуу азыр жабык.

1 пикир

1 пикир

  1. Айжамал Толубай

    Айжамал Толубай

    23.09.2020 00:42

    Кантип катышсак болот?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM