Биз менен байланышыңыз

Коомдук жайларда беткап кийбегендерге көзөмөл күчөтүлөт

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 869 | 0

Республикалык ыкчам штаб эл жыш чогулган жерде жарандар милдеттүү түрдө беткап кийип, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сакташы керектигин эскертти.

Штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө коронавирустук инфекцияны жугузгандардын саны жогорулап жаткандыгын айтып, атамекендик саламаттыкты сактоо тутуму да абалдын курчушуна даяр болуусу керектигин билдирди.

Тармактык органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук жайларда, анын ичинде супермаркеттерде, базарларда, соода борборлорунда, коомдук транспортто беткап кийүү режимин кармануу боюнча ишти күчтөндүрүшү керек.

Мындан тышкары, санитардык кызматтар жана жергиликтүү бийлик органдары санитардык-эпидемиологиялык текшерүү иштерин күчтөндүрүшү керек.

Республикалык ыкчам штабдын мүчөлөрү соода борборлору, супермаркеттер жана көңүл ачуучу жайлар тепловизор жана санитайзерлерди орнотуп, келгендерден  беткап кийүүнү талап кылуусу керектигин билдиришти.

Облус жана райондук администрация жетекчилерине соода түйүндөрүн жана базарларды үзгүлтүксүз дезинфекциялоо тапшырылды.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус менен 71 адам катталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, жалпы катталгандардын саны 45 миң 542ге жетти.

Учурда ооруканаларда 545 бейтап дарыланып жатат. Үй шартындагы дарыланууда 1791 киши бар. Акыркы суткада илдеттен каза болгондор жок. COVID-19 вирусунан көз жумгандардын жалпы саны 1063 адамды түздү.

22-сентябрга карата COVID-19 илдетинен 114 адам сакайды. Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 41 миң 796га жетти.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM