Биз менен байланышыңыз

Орусия: Кыргызстанга вакцина жеткирүү артыкчылыктуу тартипте каралат

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 830 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-сентябрда Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Ал өлкөгө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына катышуу үчүн делегацияны баштап келген.

Жолугушууда Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алышуу болду.

Президент өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга көрсөткөн колдоосу, гуманитардык жардамы, орто жана чакан бизнести колдоо үчүн Евразиялык фонддун линиясы менен 100 млн доллар жеңилдетилген насыя бөлгөндүгү үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирди.

Жээнбеков Орусия менен энергетика, темир жол, инфратүзүм, аймактарды өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыктарлыгын билдирди.

Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук коронавирус инфекциясына каршы россиялык вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү маселеси артыкчылыктуу тартипте карала тургандыгын кошумчалады.

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM