Биз менен байланышыңыз

Окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиадага онлайн катышууда

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 532 | 0

21-22-сентябрь күндөрү Бишкек шаарынын “Газпром Кыргызстан” мектебинде видео көзөмөлдөө менен онлайн режимде жогорку класстын окуучулары арасында математика боюнча дүйнөлүк олимпиада өтүп жатат.

Олимпиада жыл сайын ар кайсы өлкөдө өткөрүлүп, ага 5 континенттен 100дөн ашуун өлкө катышат.

Олимпиада Эл аралык математикалык олимпиадалык Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү  Медеубек Кунгожиндин (Алматы, Казахстан) байкоочулугунун астында өткөрүлүүдө. Кыргызстандын улуттук курамасынын машыктыруучусу Ишматов Махамаджан.

61-эл аралык математикалык олимпиада сентябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтмөк. Бирок пандемияга байланыштуу аралыктан өткөрүлүп, ар бир катышуучу берилген тапшырмаларды өз өлкөсүндө онлайн түрдө аткаруу шарты коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM