Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 71 учур жаңы катталып, 114 адам айыкты

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 320 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус менен 71 адам катталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, эң көп учур Баткенде аныкталды:

— Бишкек — 4;
— Ош — 2;
— Чүй облусу – 8;
— Ош облусу — 17;
— Талас облусу — 2;
— Ысык-Көл облусу – 5;
— Жалал-Абад облусу – 13;
— Баткен облусу — 20.

Жалпы катталгандардын саны 45 миң 542ге жетти.

Учурда ооруканаларда 545 бейтап дарыланып жатат. Үй шартындагы дарыланууда 1791 киши бар. Акыркы суткада илдеттен каза болгондор жок. COVID-19 вирусунан көз жумгандардын жалпы саны 1063 адамды түздү.

Бир сутка ичинде Чүй облусунда 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининде дарыланып жаткан 20 медкызматкер да сакайды.

COVID-19 инфекциясы 3203 медициналык кызматкерге жуккан, анын 2847си айыгып чыкты.

22-сентябрга карата COVID-19 илдетинен 114 адам сакайды.

— Бишкек – 23;
— Ош шаары – 14;
— Чүй облусу – 7;
— Ош облусу – 21;
— Нарын облусу – 2;
— Талас облусу – 3;
— Ысык-Көл облусу – 12;
— Жалал-Абад облусу – 18;
— Баткен облусу – 14 адам айыкты.

Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 41 миң 796га жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM