Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министрлиги Жогорку технологиялар паркы менен меморандум түздү

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 324 | 0

“Келечектин мектеби” долбоорун апробациялоого даярдоо үчүн мугалимдерге семинар өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Министрлик өлкө мектептеринде көп баскычтуу санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү, адам ресурстарын эффективдүү колдонуу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт жаратуу максатында “Келечектин мектеби” (Акылдуу мектеп) долбоорун иштеп чыккан.

Долбоордун артыкчылыктуу багыттары:

  1. Мектептерди кеңири тилкелүү интернет жана керектүү компьютердик каражаттар менен камсыз кылуу;
  2. Педагогдордун компетенциясын жогорулатуу;
  3. Окутуунун заманбап санариптик дидактикалык каражаттарын түзүү;
  4. Мектепте электрондук башкаруу жана электрондук тейлөөнү ишке ашыруу.

Бул долбоордун алкагында ар бир облустан жана Ош шаарынан бирден мектеп, ал эми Бишкек шаарынан 2 мектеп тандалып алынган.

Учурда «Альфа Телеком» (Мегаком) компаниясы долбоордун төртүнчү пунктунда каралган «Электрондук күндөлүк», «Электрондук ашкана» жана жана «Электрондук өткөрмөнү» 10 мектепте ишке ашыра баштады.

Ошондой эле министрлик окуучуларга электрондук контент иштеп чыгуу боюнча Жогорку технологиялар паркы менен меморандум түздү.

Учурда Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен долбоордун айрым багыттарын колдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, каржылык колдоого алынды.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту мугалимдердин ИКТ компетенттүүлүгүн жогорулатуу үчүн 72 сааттык программа иштеп чыкты.

“Келечектин мектеби” моделин апробациялоого даярдоо үчүн 10 пилоттук мектептин мугалимдерине окутуу семинарлары уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM