Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Аравандагы жаңжалды дыкат иликтөөгө чакырды

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 425 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Араван районундагы инцидент боюнча билдирүү жасап, окуя дыкаттык менен иликтениши керектигин талап кылды.

“Жаңжалды баштагандар жана катышуучулар аныкталып, жазага тартылышы керек. Шайлоо процессинин катышуучуларынын тиешелүүлүгү дыкат иликтенип, эгер тастыкталса, Борбордук шайлоо комиссиясы дароо карашы керек”, -деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы Араван районунда коопсуздук камсыздалбаганын айтып, укук коргоо органдары өз убагында жана ийкемдүү иштегенде мындай окуя катталбайт болчу деп билдирди.

“Акыйкатчы аппаратынын Ош облусу жана Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин бир тобу окуя болгон Араван районуна жөнөтүлдү. Бул маселенин иликтениши Акыйкатчынын көзөмөлүндө. Ошондой эле Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болууга тийиш”,- дейт Токон Мамытов.

Аравандагы мушташтан кийин 12 адам ооруканага түштү

20-сентябрда Араван районунун Араван айылында үгүт иштеринин алкагында чогулгандар арасында уруш чыгып, аягы жаңжалга айланып кеткен.

ИИМдин маалыматы боюнча, бул факт Жазык Кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн Араван райондук милициясынын башчысы Сактан Исмаилов кызматтан алынды, бир катар кызматкерлер да тартип жазасына тартылышты.

ИИМ тергөө акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөрүн, күнөөлүүлөр жазага тартыларын кабарлады.

Президент да Аравандагы окуяга көңүл бурду

Министрлик үгүт иштери учурунда чагым кылгандарга, атайылап мушташ чыгарган жарандарга жана коомдук тартипти бузгандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Саясий партиялар  шайлоого байланышкан бардык иш-чараларды өткөрүү учурунда, айрыкча эл менен жолугушуулардын графиги жана графиктен тышкары да жолугушуулар боюнча маалыматтарды коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарына билдириши керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM