Бүгүн, 19-сентябрда жарандардын шайлоого катышуу үчүн шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыздарын берүү мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу БШК билдирет.
Буга байланыштуу бүгүн жарандардын конституциялык укуктарынын аткарылышын камсыз кылып, «Форма-2ни» толтурууга шарт түзүү максатында участкалык шайлоо комиссияларынын иш убактысы узартылды.
Кыргызстандагы иштеп жаткан участкалык шайлоо комиссиялары жарандарды саат 20:00го чейин кабыл алышат.
Өлкөдөн тышкары жерлерде (Орусия менен Казакстан) иштеген участкалык шайлоо комиссиялары саат 21:00го чейин кабыл алышат.
Форма №2 шайлоочунун укугун коргогон менен түпкүлүгүндө кызыктар тарап колдонот