Биз менен байланышыңыз

Ошто ипотекага бериле турчу экинчи көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 393 | 0

Ош шаарынын Достук кичи шаарчасында мэрия тарабынан ипотекага бериле турган экинчи көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ош шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык ипотекалык ишкананын башчысы Кутманалы Абдрахман уулунун айтымында, жаңыдан курулушу башталган 9 кабаттуу үйдө 90 батир болот. Биринчи кабатында жергиликтүү жашоочулар үчүн поликлиника курулат. Ошондой эле 60 автоунаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай, көп кабаттуу үйгө баруучу ички жолго асфальт төшөлөт.

Көп кабаттуу үй 2022-жылдын март айында курулуп бүтөт. Жакында үчүнчү үйдүн капсуласы салынат.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да үй куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кабарлады.

2019-жылы 80 батирлүү биринчи үйдүн курулушу башталган. Ал кийинки жылдын март айында колдонууга берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM