Биз менен байланышыңыз

Чек ара чырында үйү өрттөлгөн тургунга өкмөт там салып берди

Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 923 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда чыккан чыр-чатак учурунда өрттөлгөн турак үй мамлекет тарабынан курулуп, үй ээлерине тапшырылды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, 17-сентябрда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов үйү өрттөлгөн тургунга жаңы тамдын тийиштүү документтерин тапшырды.

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр чыккан. Жаңжалга такталбаган жердин талашка түшкөнү себеп болуп, элдин тартышуусу таш ыргытууга чейин жетип, кийинчерээк ок атылган.

Бул окуяда Көк-Таш айылындагы чек арага чектеш жайгашкан тургундун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн. Кыргыз өкмөтү үйдү күз айларына чейин бүтүрүү үчүн каражат бөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM