Биз менен байланышыңыз

Осмонбетов Дыйкан — Кара-Кече жолундагы айланма жолдон кабар алды

Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 495 | 0

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Кара-Кече кенине барып, Дыйкан – Кара-Кече жолундагы тоо көчкүдөн кийинки абал менен таанышып келди.

Учурда мекеме жол тазалоого техникаларды тартуу жана жергиликтүү карьерди электр энергия менен камсыздоо иштерин алып барууда. Бүгүнкү күндө Кара-Кече бөлүмүн альтернативдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн генераторго туташтырылган.

Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунун курулуш иштери аяктаган соң, электр зымдары өз калыбына келтирилет.

14-сентябрда Кара-Кече тоосунда жер көчкү жүрүп, жол тилкелерин жана 1 чарчы метр убактылуу өтмө жолду жаап калган. Болжол менен жер көчкү 2 млн куб метр көлөмүндө түшкөн.

15-сентябрда айланып өтмө жолун тазалоо мүмкүн эмес экендиги аныкталган. Ошол себептен тоо көчкү түшкөн жердин маңдайына 3,2 чарчы метр аралыкта жаңы убактылуу айланма жол жана 6 чарчы метр болгон кичи көпүрө салуу сунушталган.

Азыркы учурда 2 бульдозер, 2 экскаватор жеринде иш алып барууда. Курулуш иштери 16-сентябрда башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM