Биз менен байланышыңыз

Президент баштаган аткаминерлер Калыйбек Тагаевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 447 | 0

Кыргыз Республикасынын эл артисти жана чыгаан обончу — композитор Калыйбек Тагаев дүйнөдөн кайтты. Ал 16-сентябрда 80 жаш курагында катуу оорудан улам көз жумду.

Калыйбек Тагаев 1940-жылдын 14-апрелинде Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирлик айылында туулган. 1961-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун 1961-1962-жылдары Ат-Башыдагы Ленин атындагы № 1 мектепте мугалим болуп иштеп баштаган.

1970-1974-жылдарга чейин Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө билимин жогорулаткан. Андан соң, 1974-жылдан республикалык эл чыгармачылык борборунда жетектөөчү адис катары эмгектенип, чыгармачылык жолун уланткан.

Калыйбек Тагаев 120дан ашык обондордун автору. Обончулардын республикалык кароо-сынагынын жети жолку жеңүүчүсү болгон. Анын алтымышка жакын обондору Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жазылып, учурда ободо үзгүлтүксүз берилип келет. «Долон», «Сенин элесин», «Ат-Башым», «Элмира», «Назгүлүм», «Көл вальсы» ж. б. ырлары элдик болуп ырдалып калган.

Ошондой эле бир нече ирет спектаклдерге музыка жазган.

1992-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 1998-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамдары ыйгарылган.

Кыргыз маданиятын жана көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан жана чыгаан обончу — композитор Калыйбек Тагаевдин жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Джумабеков, К. А. Боронов, Г. У. Калиева, А.Б.  Баатырбеков, Д. А. Эсеналиев, Т. А. Темиралиев, А К. Жаманкулов, К. Б. Базарбаев, Ж. У. Саралаева, К. О. Иманалиев, А. А. Акматалиев, М. А. Бегалиев, М. М. Чотонов, Ш. Дүйшеев, Т. А. Чокиев, Т. Т. Казаков,  А. Бөдөшев, К. И. Эралиева, Т. Актанов, Д. С. Баратбаева, А. Бедияров, М. Мамбетакунов,

Г. Мамашева, Г. Момушева, З. Шаакеева, М. Дүйшекеева, С.М Садыкова, Э. Маданбеков, А.А. Өзүбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM