Биз менен байланышыңыз

Жумушсуз же жумуш издөөчү катары катталуу үчүн кайда кайрылуу керек?

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 619 | 0

Жумуш издегендер, же жумушсуз катары катталуу үчүн жашаган жери боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдарына кайрылуу керек. 

Кандай документтер талап кылынат?

1) паспорт;

2) эмгек китепчеси, же анын дубликаты;

3) кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер.

Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок жарандарды каттоо — паспортту жана билими жөнүндө документти тапшыруу менен жүргүзүлөт.

Жарандарга алар катталган күндөн тарта 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ылайыктуу жумуш таап берүүгө мүмкүн болбогондо, алар расмий жумушсуздар деп таанылат.

Жумуш орундар жөнүндө маалыматты кайдан алууга болот?

Маалыматты министрликтин аймактык бөлүмдөрүнөн, ошондой эле онлайн режиминде  http://zanyatost.kg/ сайтынан  алууга болот.

Министрлик тарабынан «Бош орундардын жармаңкеси»дайыма уюштурулуп турат.

Жарандарды кесиптик окутууга жолдомо берүү төмөнкү максаттар үчүн жүргүзүлөт:

1) ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;

2) жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын зарыл болгон кесиптик квалификация алуусу;

3) жумуш жоктугуна байланыштуу квалификациясын өзгөртүү.

Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар кошумча кесиптик даярдыкты талап кылбаган эмгектин жалпыга жеткиликтүү түрлөрү болуп эсептелет. Алар коомдук пайдалуу иштерди аткаруу учурунда ишке ашырылат.

Мисалы: мектептерди, бала бакчаларды оңдоо, аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, суу түтүктөрүн, газ, канализация жана башка коммуникацияларды оңдоо жана калыбына келтирүү, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо, айыл чарба ирригациялык иштерди өткөрүү жана  эмгектенүүнүн башка багыттары боюнча иштерди аткаруу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM