Биз менен байланышыңыз

Республикалык штаб үгүт иштеринде санитардык эрежелерди сактоого чакырды

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 334 | 0

Саясий партиялар 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата үгүт иштеринде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сакташы керек. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков айтты.

«Абал турукташып калды дегенибиз менен коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар азыр деле катталууда. Карантин режими алына элек. Ошондуктан шайлоого катышып жаткан саясий партиялар бардык санитардык жана эпидемиологиялык чараларды, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо талаптарын так аткарышы керек»— деди Баатырбеков.

Санитардык талаптарды сактабаган партияларга чара көрүлө элек

50дөн ашуун адамдын катышуусундагы иш-чараларды өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдү көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле чет мамлекеттерден келип жаткан жарандардын өлкөгө кирүүсү боюнча иштелип чыккан алгоритмди так аткаруу эскертилди. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM