Биз менен байланышыңыз

Баткенде эскертүүгө баш ийбеген коомдук тамактануучу жайлар жабылды

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 339 | 0

Баткен облусунда буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгенине карабастан бир катар коомдук тамактануучу жайларда санитардык талаптар аткарылбагандыктан, талапка жооп бербеген коомдук тамактануучу жайлар жабылды.

Рейддин жыйынтыгында 14 протокол түзүлүп, 50 миң сом айып пул салынды. Мындай рейддик иш чаралар күн сайын жер-жерлерде уюштурулуп, көзөмөл күчөтүлүүдө.

Акыркы бир сутка ичинде Баткен облусу боюнча коронавирустун 15 жаңы учуру катталды. Бул башка аймактарга салыштырмалуу көп. Пандемия башталгандан бери Баткен облусунда 2618 адамга вирус жукту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM