Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 107 киши сакайып, 81 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 377 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 81 жаңы учуру катталды. Алар:

— Бишкек шаарында — 7;
Ош шаары боюнча — 4;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 22;
Талас облусу — 3;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 13;
Баткен облусунда 15 учур катталды.

Өлкөдө коронавирустун жалпы аныкталган учурлары 45 миң 153кө жетти. Бул илдеттен 1063 адам каза болгон.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар 107 киши:

— Бишкек шаарында – 52;
— Чүй облусу – 4;
— Ош облусу – 9;
— Талас облусу – 1;
— Нарын облусу – 1;
— Ысык-Көл облусу – 12;
— Жалал-Абад облусу – 12;
— Баткен облусу – 16 киши сакайды.

Коронавирус жуктуруп, андан айыккандардын жалпы саны 41 миң 317ни түзүүдө.

Ушул күндөрү ооруканаларда 527 бейтап дарыланууда. Үй шартында 1788 адам дарыланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM