Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңеши коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгын талкуулап жатат

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 478 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

Жыйында эки маселе — укук коргоо органдарынын республикадагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча иштеринин жыйынтыгы, ошондой эле 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору каралат.

Биринчи маселе боюнча премьер-министр Кубатбек Боронов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров баяндама жасашат.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоорун Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев тааныштырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM