Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Пандемияда эл санарип кызматтарды пайдаланышы керек

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 369 | 0

Пандемия учурунда жарандар үчүн мамлекеттик тейлөө кызматын ыкчам жана сапаттуу санариптештирүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов санарип маселеси талкууланган кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчы өзгөчө билим берүү жана саламаттык сактоо тармагын санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мектеп окуучуларын аралыктан окутууда белгилүү маселелер бар. Окуу процессинин сапаты, окуучулардын окуу процессине камтылышы, интернет тармагынын ылдамдыгы сыяктуу маселелелер. Бул милдеттерди биринчи кезекте чечүү зарыл. Мындан тышкары, тийиштүү көзөмөл жүргүзүү жана электрондук рецепт берүү максатында дары-дармек каражаттарын электрондук эсепке алуу тутумун ишке киргизүүнү күчтөндүрүү керек», — деди Кубатбек Боронов.

«Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаеванын айтымында, «Түндүк» тутумуна бардык мамлекеттик органдар кошулган. 2020-жылы мамлекеттик органдар аралык маалымат алмашуусу 39 млн транзакцияга жеткен. Ал эми мамлекеттик жана коммерциялык уюмдар ортосундагы маалымат алмашуу 45 млн транзакциядан ашкан.

50 мамлекеттик орган тутумду активдүү пайдаланат. Тутумга кошулуу тууралуу арыздар коммерциялык уюмдардан да көп келип түшүүдө. Порталдан (https://portal.tunduk.kg) жаран жеке кабинети аркылуу мамлекеттик органдардан каалаган маалымдаманы ала алат. Бүгүнкү күндө порталда 51 мамлекеттик тейлөө жеткиликтүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM