Биз менен байланышыңыз

21-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 505 | 0

Кыргызгидромет борбору 17-сентябрдан 21-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

17-сентябрда күндүз жана 18-19-сентябрь күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы кескин төмөндөп:

-18-19-сентябрь күндөрү Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 14…19°, тоо этектеринде түнкүсүн 1….6°, күндүз 10…15° болот.

-Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°;

-Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 18…23°;

-тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°;

-Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу;

-тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу;

бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3  градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.

20-21-сентябрларда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү ыктымал.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

17-сентябрда бул аймактарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-сентябрда күндүз жана 18-сентябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланат. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

19-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 19-сентябрда күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-21-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

17-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-сентябрда күндүз жана 18-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.

19-21-сентябрь күндөрү Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 17-сентябрда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

17-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

18-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт.

19-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-сентябрда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаашы, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаабайт.

20-сентябрда күндүз жана 21-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

17-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

18-сентябрда жана 19-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

20-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-сентябрда күндүз жана 21-сентябрда жаан жаабайт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

17-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

18-19-сентябрларда жана 20-сентябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.

20-сентябрда күндүз жана 21-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

17-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

18-19-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

20-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаашы, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. 20-сентябрда күндүз жана 21-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM