Биз менен байланышыңыз

Баткен−Бишкек учак билетинин баасы 3500-4200 сом болууда

Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 366 | 0

Бишкек − Баткен−Бишкек багыты боюнча аба каттамдар кайрадан ишке кирди. Өлкөдө коронавирус илдети жайылып, эпидемиологиялык кырдаал башталгандыгына байланыштуу ички каттамдар 25-марттан баштап убактылуу токтотулган эле.

15-сентябрда алгачкы каттам менен Бишкектен Баткенге 94 жаран учуп барды, Баткенден борборго 86 жаран учуп келди.

Учурда Баткен−Бишкек аба каттамы боюнча билеттер 3500- 4200 сомго чейин сатылып жатат.

Каттамдар жумасына бир жолу — шейшемби күнү жүргүзүлөт. Аны «Тез Жет» авиакомпаниясы аткарууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM