Биз менен байланышыңыз

Жаратылыш газы үчүн убагында акча төлөбөгөндөргө туум эсептелет

Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 311 | 0

2020-жылдын сентябрь айынан баштап «Газпром Кыргызстан» ишканасы колдонулган жаратылыш газы үчүн төлөмдү өз убагында төкпөгөндөргө туум кошуп эсептөөнү жандантат.

Өкмөттүн калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана COVID-19 вирусунун таралышына жол бербөө сунушунун негизинде, 1-марттан тарта газга өз убагында төлөбөгөндөр үчүн туум кошуп эсептөө 5 айга токтотулган.

Компания мыйзамдын негизинде жаратылыш газы үчүн өз убагында төлөбөгөндөрдүн газын токтотууга жана сот органдарына кайрылып, карызын мажбурлап төлөтүүгө укугу бар.

Шайлоо-2020: Боронов добуш сатуу кылмыш экенин эскертти (видео)

Газ үчүн төлөмдөрдү Pay24, Quickpay, Оңой, UMAI, О!Терминал төлөм терминалдары, ошондой эле компаниянын сайты жана мобилдик тиркемеси, «Элсом», «MegaPay», «Balance», «О!Деньги» мобилдик капчыктары, коммерциялык банктардын кассаларынан, «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнөн жүргүзүүгө болот.

Компаниянын абоненттери Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунан газга болгон төлөмдү жүргүзсө болот.

Төлөнүүчү сумманы www.gazprom.kg сайтындагы жеке кабинетке кирип же Gazprom.kg мобилдик тиркемесине катталуу жолу аркылуу тактаса болот. Gazprom.kg мобилдик тиркемесин Android жана iOS платформаларынын көчүрүп алса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM