Биз менен байланышыңыз

Жашылча-жемиштерди экспорттоо 28 пайызга жогорулады

Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 435 | 0

Кыргызстанда жашылча-жемиштерди экспорттоо 2019-жылга салыштырмалуу 28,8% жогорулады. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифингде кабарлады.

Быйыл 43 миң 500 тонна кургатылган жемиш, 78 миң 514 тонна мөмө-жемиш экспорттолду.

2019-жылдын 8 айында 32 миң 343 тонна экспорттолгон.

Анын ичинде 120 миң 200 тонна жашылча Өзбекстанга, Тажикстанга, Кытайга, Иранга экспорттолду.

Картошканын экспорту 2019-жылга салыштырмалуу быйыл 8 айда – 112,9% жогорулады. Анын ичинде Kазакстанга – 5582 тонна картошка сатылды, Өзбекстанга – 14 миң 426 тонна, Орусияга – 320 тонна, Түркмөнстанга – 3300 тонна экспорттолду.

Айрыкча быйыл Түркмөнстанга картошка экспорттоо 2019-жылга  салыштырмалуу дээрлик миң тоннага көбөйдү.

Кыргызстан төө буурчак экспорттоочу өлкөлөрдүн катарын 6 мамлекетке кеңейтти, ал дүйнөнүн 10 мамлекетине экспорттоло баштады.

Өкмөттүн маалыматына караганда, өткөн жумада жашылча-жемиштердин баасы арзандады. Помидор-бадыраң, чеснок, алма – 6% чейин.

Ал эми төө буурчактын баасы – 1,4% жогорулады (89,17 – 90,42 сом/кг чейин).

Эттин баасы акыркы 2 жуманын ичинде бир аз көтөрүлүп жаткандыгы байкалууда: койдун эти – 10,31 сом/кг (2,9%); уйдун эти – 7,81 сом/кг (2,2%).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM