Марал Радиосу

Күндүн сүрөтү. Мугалимдин үйүндө окуган балдар

Кыргызстанда быйылкы жаңы окуу жылында 1-класстын гана окуучулары мектепке барып окуп жатышат. Ушул күндөрү көптөгөн мектеп окуучулары жана мугалимдер, ата-энелер балдарды дистанттык окутуу түйшүк жаратып жатканын айтышууда.

Мындай абалды чагылдырган сүрөт интернет айдыңына тарады. Анда балдарды онлайн окутууга мүмкүнчүлүгү болбогон мугалим окуучуларын үйүндө окутуп жатканын көрүүгө болот.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Акылбек Орозматов бул окуя такталып жатканын кабарлады.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Нарын районунда контейнерден салынган убактылуу мектептин ачылышындагы сүрөт да интернет айдыңында кызуу талкууга алынган.

Дүйнөдөгү контейнерден курулган өзгөчө имараттар [сүрөт]