Марал Радиосу

Тамаша тор: кыргызстандык Азамат Москвада кичине баланы сактап калды (видео)

Орусияда кыргызстандык жаран жаш баланы уурдоо аракетин токтотуп калды. Тактап айтканда, кыргызстандык атлетчи Азамат Нуржанов көчөдө баратып, орусиялык белгилүү блогердин тамаша торуна түштү.

Блогер Михаил Литвин сценарий боюнча, көчөдө өтүп бараткан жарандардан кичинекей баланы убактылуу карап туруусун өтүнөт. Ал аңгыча чоң кара түстөгү жол тандабас менен адамдар келип жаш баланы уурдоого аракет кылат. Кыргызстандык Азамат Нуржанов спорттук көндүмдөрүн колдонуп, жаш баланы куткарып калат.

Учурда бул видео орусиялык интернет айдыңында эң көп талкууланууда.

Блогер Михаил Литвиндин Инстаграм баракчасында дээрлик 11 млн катталуучусу бар.

Азамат Нуржанов 2019-жылы Кыргызстандын жеңил атлетчилер курама командасында машыккан. Учурда Орусияда иштейт.

Москвада тамашага кабылган Азамат: Бычак сайып жибереби деп корктум