Марал Радиосу

Кытай Тажикстанга аскердик база ачууну көздөйт

BEIJING, CHINA - SEPTEMBER 03: Chinese soldiers ride on armoured missile carriers as they pass in front of Tiananmen Square and the Forbidden City during a military parade on September 3, 2015 in Beijing, China. China is marking the 70th anniversary of the end of World War II and its role in defeating Japan with a new national holiday and a military parade in Beijing. (Photo by Kevin Frayer/Getty Images)

Пентагондун жаңы докладында Кытай коңшу Тажикстанга жаңы аскерий база ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы айтылды. Бул тууралуу Eurasianet  басылмасы жазды.

АКШнын Конгрессинин 1-сентябрдагы докладдарынын биринде, Кытай  өзүнүн аскердик инфраструктурасын жана логистикасын кең көлөмдө өнүктүрүү үчүн өз чегинен сырткары аймактарга да база ачууну көздөп жатканы жазылган. Ал эми Кытай аскердик базасын ачуусу мүмкүн делген 12 өлкөнүн бири катары Тажикстан аталган.

Өткөн жылдын башында The Washington Post басылмасы Тажикстандын эл жашабаган аймагында кытайлык аскерлер жайгашканы тууралуу шектенүүлөрдү далилдер менен жазган болчу. Анда басылманын кабарчысы Тажикстандын Кытай жана Афганистан менен чектешкен аймагына жакын жердеги базарда Кытайдын Синьцзян автономдуу аймагындагы аскерлерге таандык эн белгилерди тагып жүргөн  кытай аскерлерин кездештиргени баяндалган.

Аскерлердин бири  “үч-төрт жылдан бери бул аймакта кытай аскер кызматкерлери бар» экенин да айтып берген. Ал эми спутник аркылуу тартылган фотолордо 2016-жылдан тарта эки кабаттуу 20 чакты имарат жана көзөмөлдөөчү мунара да бар экенин көрүүгө болот.

Ошондой эле өткөн жылы Тажикстан Кытай менен биргеликте так ошол аймакта аскердик окутууларды өткөргөнү да бул шектенүүлөрдү ого бетер күчөткөн.


Кытайлыктар кайтып келишти. Түндүк-түштүк жолунун курулушу жанданды


Бул жагдайлар расмий Дүйшөмбү коопсуздук жагына камкордукту көбүрөөк Пекинге ыйгарган сыяктуу деген тыянакка түртүүдө. Айрыкча Кытайдын Тажикстанга көрсөткөн акыркы жылдардагы жардамдарынын да эң көп бөлүгү коопсуздук жаатына туура келет. Мисалы, Пекин Тажикстандын Афганистан менен чектешкен ондогон чек ара постторун толугу менен оңдоп берүүнү убадалаган. Тажикстандын Кытайга болгон дагы бир “көз карандылыгы”  — бул тышкы карыз. Тагыраак айтканда, коңшу өлкөнүн тышкы карызынын 40% же 1,2 млрд доллары Кытайдан алынган. Мына ушул жагдайлардан улам, Кытайда айрым улутчулдар тарабынан Тажикстандын кээ бир аймактарына “ээлик” кылуу демилгелери да көтөрүлүп келет.

Пентагондун 173 барактан турган докладында Тажикстан тууралуу бир канча бөлүмдө айтылган. Ошондой эле Кытайдын адамдын жүзүн таануу боюнча Синцзяндагы этникалык азчылыктарга каршы колдонгон технологиясы Тажикстанда да сыноодон өтүп жатат деген шектенүүлөр жазылган.

Жалпысынан Пентагондун Кытайдын аскерий жактан “кеңейүүсү” тууралуу докладында Борбор Азиядагы башка аймак жана чек аралар жөнүндө да кеп болгон. Пентагондун күтүүлөрү боюнча, Кытай жакынкы он жыл аралыгында өзүнүн ядролук арсеналын дагы эки эсе көбөйтөт (учурда 200дөн ашык ядролук куралы бар).

Кошумчалай кетсек, Кытай аскерлеринин санынын көптүгү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Учурда өз өлкөсүнөн сырткары расмий түрдө ачылган Жибутиде аскердик базасы бар.

Кыргызстанда Ленин дагы деле бар экен…(Өзбекстандык журналисттин Ош тууралуу таасирлери)