Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Ленин дагы деле бар экен…(Өзбекстандык журналисттин Ош тууралуу таасирлери)

Блог | 4 Окт 2018 | 4801 | 0

Өзбекстандын Кун.уз басылмасынын журналисттери Ошко болгон кызыктуу сапары тууралуу баяндаган макала апрелдин аягында жарыяланды. Бул макаланы миңдеген адамдар окуган. Мындан улам өзбекстандык журналисттин Ош тууралуу таасирлерин кабарчыбыз Орозгүл Арстанова кыргызчага которду. Төмөндө макала (айрым жерлери кыскартылдыKun.uz басылмасынын  кабарчысы Элмурод Эрматовдун баяндоосу менен уланат: 

Менин Кыргызстанга жасаган саякатымда топтогон маалыматтарым, сиздер үчүн да кызыктуу болот деген ойдомун. Чынын айтсам, жаныбызда жашаган коңшу өлкөнүн бир шаарында эки күн жүрүп, бир дүйнө жаңылыктарга туш келдим. Эгер узагыраак жайга барсам, чоң чыгарма жазмакмын, деп ойлоп калдым.

Негизи эле коңшу мамлекеттер бир чөлкөмдө жайгашканы менен, жүргүзгөн саясаты, менталитети, үрп-адаты менен айырмаланып турушат. Ошондуктан коңшу мамлекеттер бири-биринде болуп жаткан өзгөрүүлөргө жана жаңылыктарга кызыгып, байкоо салып турат.

Фергана өрөөнү деп аталган чөлкөмдө Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстанга тийиштүү болгон аймактар бар.

Биздин кезектеги саякатыбыз Кыргызстандын «түштүк борбору» деп атлаган Ош шаарына болду. 

Андижандын Хожаабад районунда жайгашкан пост көп убакыт жабык болуп, өткөн жылы ачылган. Аталган «Достук» чек ара өткөрүү бекетинен Кыргызстан тарапка өтүү болгону 20 мүнөтүбүздү алды.

Чегара посту тууралуу Кара-Суу базары жөнүндө сөз болгондо кайра өзүнчө жазамын. Кыскача эле айтканда аталган посттон күнүнө 12 миң адам өтөт. Өзбекстан тараптан мөмө-жемиш, жашылчалар чыгат. Ал эми Кыргызстан тараптан болсо негизинен Кытайда өндүрүлгөн тиричилик техникалары Өзбекстанга кирүүдө. Ал эми өзүбүздүн чек арачылардын өтө сылык-сыпайы иштегенине күбө болдум.

Ленин дагы деле бар экен…

Оштун табияты Андижанга салыштырмалуу бираз салкын. Алай кырка тоолоруна жакын болгондуктан, бул шаарга жаз 20 күн кеч келсе, кышы Андижанга караганда 20 күн эрте башталат.

“Достук” постудан өтүп Ош шаарына кирип барасыз. Жолдору Өзбекстандыкынан бир топ айырмаланат. Алар биздики сыяктуу кең жолдорду курууга кирише элек. Көпчүлүгү тар жолдор. Шаар ичиндеги жолдор негизинен бир тараптуу кыймылга ылайкташтырылган.

Баарыбызга маалым, соңку он жылды эки элдин ортосундагы мамиле бир топ сыналды. Ошондо эки элди байланыштырган чек аралар дээрлик иштебей жабылып калган. Базары да, мазары да бир болгон калктар бири-бирине каттоо үчүн бир тутам документтеррди топтоп, узак жана айланып өтүүчү жолдорду басууга мажбур эле. Кудайга миң мертебе шүгүр, азыр бул маселени эки өлкөнүн башчылары оң тарабына чечишкен.

Бизде акимият деп айтылган мекеме, ал жакта мэрия, шаар мэриясы деп аталат. Шаардын акимин мэр дешет.

Мэриянын алдындагы аянтта, биз акыркы 25 жыл аралыгында такыр көзүбүз түшпөй калган Лениндин чоң айкели турат. (ред. Өзбекстанда эгемендик жылдардын башында эле Советтер Союзунан калган эстеликтер жок кылынган) 

Биздин Ленин айкели тууралуу сурообузга Ош шаарынын мэриясынын маалымат катчысы Талант Канатбек уулу мындайча жооп берди: «16 тонналык ушул айкелди бузуу же алып салуу маселеси боюнча көп тартышуулар болгон. Инсандардын чоң мээнети менен тургузулган бул эстеликти, акыр аягында жайында калтырууга макулдашканбыз. Бирок, белгилей кетүүчү нерсе, Владимир Ильичтин айкели ыйык нерсе катары каралбайт». 

Мындан улам колун жаңсап турган бул көлөмдүү эстелик, эч кандай идеологияны чагылдырбасын түшүндүк жана эч кимге пайдасы да, зыяны да жок болгон айкелди сүрөткө тартып, андан ары шаар кыдырууну уланттык.

Мэрияда…

Шаар мэриясына эмне максатта келгенибизди айтуу үчүн кирдик. Кыргызстанда басма сөзгө чоң маани берет экен. Бизди жылуу кабыл алып, колунан келген жардамды беришерин айтышты.

Шаардын көрүнүшү, баалар, маяналар жана дээрлик бекер интернет…

Жогоруда айтылгандай, Ош Кыргызстандагы чоң шаарлардын бири. Анда расмий маалыматтар боюнча 250 миң адам, бейрасмий маалымат боюнча 500 миңден ашуун калк жашайт. Оштун көчөлөрүндө бак-дарактар көп жана 13 улуттун өкүлдөрү жашайт. Чынында эле көп улуттуу кент экени көрүнүп турат.

Шаарды кыдырганда, чет өлкөлүк белгилүү маркалар чыгарган унаалардын көптүгү көзгө урунат. Арасынан япон жана немис өндүрүшүнөн чыккандар көп экен. Ал арада бизде чыккан  “RAVON” автомобилдерин да көрдүк. Ошто газ толтуруучу жерлер аз, дээрлик бензин куючу жайлар.

Ал эми баалар тууралуу айтсак, аларда эң аз айлык деген түшүнүк жок. Мугалимдер менен дарыгерлер орточо 14 миң сом алышат экен. Бул өзбек сумуна которгондо 1 млн 750 миң сум же 200 АКШ доллары дегенди түшүндүрөт.

Шаарда 56 мектеп бар. Алардын 23ү жеке менчик. 52 балдар бакчасы болсо, алардын жарымы да жеке менчикке тиешелүү. Жеке менчик бакчаларга балдарын жиберген ата-энелер айына 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин төлөшөт.

Бензиндин бир литри 40 сом. Малдын эти 315 сом, өзбек сумуна 35 миң болот. Кумшекер болсо 50 сом (5500 сум) турат.

Оштун көчөлөрү өтө таза жана таштанды кутучалар көп. Көчөдө тамекинин калдыктары жокко эсе. Эң негизгиси айдоочулар маданияттуу экен. Эки күн жүрүп, сигнал берген унааны көргөн жокмун.

Ошко барышыбыз менен сим-картабыз иштебей калды. Жергиликтүүлөрдөн «Каерден сим-карта алсак болот?»-деп кайрылганыбызда, «Каалаган дүкөнгө кирип»-деп жооп бергенде биз өтө таң калдык. Көчөдөгү кайсы дүкөн болбосун эч кандай документи жок эле, сагыз алган сыяктуу  сим-карта сатып алсаңыз болот экен.

Балким, сиз ишенбейт чыгарсыз 40 кыргыз сомуна (5000 сум) 4 гб интернет жана тармак ичинде акысыз сүйлөшүү берилет экен. Болгондо да интернеттин ылдамдыгы 4G.

Ташкенттин СУ-50, 12 — трести Ошто эмне куруп жатат?

Биз Ош шаарында Өзбекстан өкмөтү куруп жаткан мектептин курулушуна да бардык. 1.11 гектар аймакта салынып жаткан мектепте иш кызуу жүрүүдө. Аны Ташкенттеги СУ-50, “Трест-12” курулуш компаниясы куруп жаткан экен. 650 орундуу мектепте дээрлик бардык шарттар болору айтылды. Алардын айтымында, курулуш материалдардын баары Ташкенттен алынып келинүүдө. Мектептин курулушу ушул жылы жайга бүтөт.

Макалам узак болуп кетти, мындан улам азыр Ошко сапарымдын биринчи күнүн ушуну менен жыйынтыктайын. Кийинкисинде «Кара-Суу» базары, бизден алдыга кеткен кыргыз футболу, Сулайман-Тоо, Оштогу телеканалдардын көптүгү, Ошто салтка айланган өзбек сагыздары тууралуу жазамын.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM