Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров акыркы жолу элге кайрылуу жасады

Кыска кабар | 8 Сен 2020 | 1275 | 1

Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров акыркы жолу элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу Жапаровдун тарапташтары Фейсбукка жазды.

Саясатчы он жылдан бери ар кыл темада элге, бийлик өкүлдөрүнө көптөгөн кайрылууларды жасап келгени менен жарытылуу майнап чыкпаганын айтат. Анын пикиринде, элдин жүрөгүнө кайдыгерлик орноп калган.

Ар кимдин өз башына келмейин ойгонбойт» дегендей, бүгүнкү коронавирус ар бир жарандын башына келгенде көп нерсени түшүнүп, эл эми ойгонду го деген үмүт менен акыркы кайрылуумду жасап жатам”, -деп айтылат билдирүүдө.

Садыр Жапаров ушул күнгө чейин башкаруу системасын өзгөртүү, экономиканы көтөрүү, жаратылыш байлыктарын сактап калуу маселелерин көтөрүп жүрүп, орду толгус жоготууларга учураганын да эске салды.

Ата-энемден, баламдан айрылдым. Өзүм камакта жатам. Ошентсе да эл бар, журт бар деп, сатылбай, соодалашып кетпей, илгери үмүт менен жашап келем. Буга чейин «кантебиз эми, жардам бериш элдин колунан келбей жатпайбы» деген сөздөр айтылып келди. Ооба, чындыгында канча жолу митинг-пикеттерге чыксаңар да, менин камактан чыгышыма себепчи боло алган жоксуңар. Мына, азыр эми колуңарга беш жылда бир жолу келүүчү бийлик тийди”, — деп, шайлоодо туура чечим чыгарууну өтүнгөн.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. 2019-жылы Жогорку сот Садыр Жапаровду он жылга кескен.

1 пикир

1 пикир

  1. Сабира

    08.09.2020 19:12

    Эмнеге ,,акыркы жолу?»

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM