Биз менен байланышыңыз

Карызы бар 7 миңден ашык абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

Кыска кабар | 8 Сен 2020 | 325 | 0

“Түндүкэлектр” ишканасы 9-сентябрда жети миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Себеби алар электр энергиясына болгон карызын убагында төлөгөн эмес.

Жарандар электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсө,  төлөм тууралуу билдирме “Түндүкэлектр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

“Акылдуу” эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы серверге төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу билдирме түшкөн соң кайра күйгүзүлөт.

Андан кийин серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM