Биз менен байланышыңыз

Месси «Барселона» менен машыкты (видео)

Кыска кабар , Спорт | 8 Сен 2020 | 450 | 0

«Барселона» клубунун легендарлуу оюнчусу, аргентиналык футболчу Лионель Месси “Барселона” клубунун командасы менен машыгып жаткан видео тарады. Аны аталган клуб Твиттердеги баракчасына жарыялады.

Месси “Барселона” клубунан кетпей турганы айтылып жатат. Ал августтун аягында «Барселонадан» кетип, «Манчестер Сити» клубуна өтүү ниети бар экенин ЖМКлар жазышкан.

Бирок клуб аргентиналык футболчуну бул оюнан кайтаруу аракетин көрдү. Себеби “Барселонанын” капитаны эркин агент катары клубдан кетүүсү алардын кызыкчылыгына каршы келет. Месси менен каталондук клубдун ортосундагы келишим 2021-жылга чейин түзүлгөн.

Айрым инсайдерлер Мессиге “Манчестер Сити” кызыкканын жазган. Ошондой эле Франциянын “ПСЖ”, Италиянын “Интер” жана Англиянын “Челси” клубу да Мессиге көз салып турат. Ал эми Месси өзү жакында эле “Манчестер Ситинин” Инстаграм баракчасына катталган.

Месси «Барселона» клубунун тарбиялануучусу. Ал каталондуктардын клубунда жалпы 731 оюнда майданга түшүп, 634 гол киргизген жана 285 топ чыгарып берген. Анын клуб менен келишими 2021-жылдын жазына чейин түзүлгөн болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM