Биз менен байланышыңыз

Баткендин Зардалы айылына жарык берилет

Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 598 | 0

Баткен облусунун Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы айылына электр энергиясы тартылат. Бул тууралуу «Ошэлектр» ААКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, «Улуттук энергетикалык холдингдин» башчысы Айтмамат Назаров менен «Ошэлектр» ишканасынан башкы директору Артур Жусуев Зардалы айылына барып, жергиликтүү эл менен электр энергиясын тартуу маселесин сүйлөшүшкөн.

Зардалы айылында 2 көмөк чордон орнотулуп,  узундугу 10 чакырым болгон жогорку вольттуу линия салынат. Ошондой эле айылдан 4 чакырым алыстыкта жайгашкан чек ара бекетинде да электр зымдары тартылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM