Биз менен байланышыңыз

Санитардык эрежени улам буза берген кафелер жабылат

Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 258 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-сентябрда өкмөт башчы Боронов менен учурдагы эпидемиологиялык абалды, күз-кыш мезгилине даярдыктар, ошондой эле парламенттик шайлоону өткөрүү маселелери талкуулады.

Премьер-министр санитардык эрежелерди сактабай, улам-улам буза берген кафе-ресторандарга айып пул салып гана токтобой, жапканга чейин жоопкерчиликке тартууну сунуштады.

Президент коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну болбошуна эч кандай кепилдик жок экенин белгилеп, ага байланыштуу аймактардагы ооруканалардын курулушун бүтүрүүнү, медициналык жабдуулар менен камсыздоону, кошумча орундарды даярдоо, дары-дармектердин запасын камсыз кылууну тапшырды.

Ошондой эле шайлоо тилкелерин талаптагыдай техникалык, санитардык шаймандар менен камсыздоо, шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM