Биз менен байланышыңыз

8-сентябрда түнкүсүн суук болот

Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 329 | 0

8-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2° үшүк жүрүшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7 градус жылуу болуп, чыгыш тарабында 0…-2 үшүк жүрөт, күндүз 17…22 нөлдөн жогору;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +24…+25 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM