Биз менен байланышыңыз

12-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 922 | 0

Кыргызгидромет борбору 8-сентябрдан 12-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-9-сентябрь күндөрү өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 10-сентябрда күндүз тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

11-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

12-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

8-12-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт.  Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаабайт.

9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт.

10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-сентябрда күндүз жана 11-сентябрда Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз тоолуу райондордо тоолуу райондордо жаан жаайт.

9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

10-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаашы мүмкүн.

11-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-сентябрда күндүз жана 12-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 12-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

8-9-сентябрларда жана 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

10-сентябрда күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

11-12-сентябрларда жаан-чачын болбойт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-9-сентябрь күндөрү, 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

10-сентябрда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

11-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтөт, күндүз жана 12-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 12-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM