Биз менен байланышыңыз

Пандемияда укугу бузулгандарга акысыз кеңеш берилип жатат

Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 324 | 0

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укуктук кыймылы пандемия шартында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ыкчам байланыш кызматын ачты.

Пандемия учурунда адам укуктарынын бузулушуна кабылган бардык жарандар юристтин номуруна чалып, же WhatsApp аркылуу кеңеш ала алышат. (0770 09 05 45)

Аталган иш-чара «Бир Дүйнө – Кыргызстан» кыймылы демилгелеген долбоордун алкагында ишке ашырылып жатат.

Мындан тышкары, 0312 62 56 36 номуру боюнча же Бишкек ш., Чүй пр., 207, 212 каб. дареги боюнча арыздар кабыл алынат. (алдын ала жазылуу сунушталат).

Онлайн жана мобилдүү юридикалык консультациялардан тышкары, эң оор учурлар боюнча юридикалык коштоо жана сотто жактоочуну камсыздоо да каралган.

Долбоор АКШ элчилигинин демократиялык комиссиясынын чакан гранттар программасы тарабынан колдоого алынып, укуктук институттар, бийлик органдары жана жарандык коом уюмдары тармагы менен кызматташтыкта ишке ашырылууда.

«Бир Дүйнө – Кыргызстан» уюму аяр катмарлуу жарандардын муктаждыктарын аныктоо үчүн Чүй облусундагы балдар үйлөрүндө, жабык жана психиатриялык мекемелерде мониторинг жүргүзүүсүн улантууда.

Пандемия маалында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук көбөйгөнү айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM