Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан айыккандарга реабилитациялоо программасы иштелип чыкты

Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 343 | 0

Коронавирустан айыгып чыккандар үчүн реабилитациялоо программасы иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

Көп адамдарда коронавирустан айыгып чыккандан кийин 2-3 айга чейин оорунун белгилери сакталат, мындан улам коронавирусту дарылоо боюнча төртүнчү протоколго да реабилитация боюнча өзүнчө бөлүм киргизилди.

«Ал реабилитация программасын ар бир адам үй шартында колдоно алат. Азыр ал боюнча окутуулар жүргүзүлүп жатат. Реабилитациядан өтүү үчүн сөзсүз эле ооруканага жатуунун кереги жок. Учурда медициналык кызматкерлерден турган топ түзүлдү. Реабилитация боюнча кеңеш алуу үчүн телефон номерлери социалдык тармактарга чыгарылып, жарандар ал номерлерге чалып кеңеш ала алат», — деди Талант Сооронбаев.

Эл арасында өпкө сезгенгенден кийин фиброз пайда болот деген сөздөр айтылып, керексиз дарыларды ичкендер болуп жатат. Адистин айтуусунда бул туура эмес. Ал коронавирустун оор түрү менен ооруган адамдарда гана болушу мүмкүн.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 458, анын ичинен 39 миң 960 киши айыгып чыкты, 1061 адам көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM