Биз менен байланышыңыз

Дистанттык окуу: Туура тамактануу боюнча өнөктүк башталды

Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 398 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Билим берүү жана илим министрлиги менен БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы аралыктан окутуу учурунда балдарга туура тамактанууну уюштуруу боюнча маалымат кампаниясын баштады.

Окуу жылынын биринчи чейрегинде 1-класстар гана мектепке барып окуп жатышат, калгандары аралыктан билим алышууда. Буга байланыштуу “Мектептеги тамак-аш үйдө” аталышында маалымат кампаниясы өткөрүлөт.

Анын алкагында ата-энелер туура тамактануу боюнча маалыматтарды түрдүү форматта ала алышат: инфографика, видеотасмалар, даамдуу жана пайдалуу рецепттер, ден соолукка пайдалуу жомоктор жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тастыкталган рецепттер китебинен алынган жумалык меню берилет.

Министрлик мындай формат ата-энелердин жана окуучулардын маалыматты тез жана оңой кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берет деп эсептейт.

Алдыдагы эки айда ар апта сайын Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын социалдык тармактагы баракчаларында балдардын туура тамактануу боюнча кабардар кылууга багытталган материалдар жарыяланып турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM