Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 40 миңге жакындады

Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 414 | 0

Кыргызстанда 7-сентябрга карата коронавирустун жаңы 55 учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматтарына караганда, вирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 458ге жетти.

Ушул күндөрү стационарларда 601 бейтап дарыланып жатат. Амбулатордук дарыланууда 3004 бейтап бар.

Өткөн сутка ичинде вирустан каза болгондор катталган жок.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 134 бейтап айыкты. Коронавирусту жеңгендердин жалпы саны — 39 миң 960.

7-сентябрга карата коронавирус менен катталгандардын бешөө — медициналык кызматкерлер. Алардын үчөө Баткен облусунда, экөө Ысык-Көл облусунда катталды.

Ошол эле учурда бир суткада 3 медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Ал эми үй карантининде дарыланып жаткандардан 12 кызматкер сакайды.

COVID-19 илдети 3157 медициналык кызматкерге жуккан, анын 2579у сакайды.

Өлкөдө коронавирус жуктургундардын жалпы саны 44 миң 458, анын ичинен 39 миң 960 киши айыгып чыкты, 1061 адам көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM