Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 130, 2 млрд сом нак акча бар

Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 399 | 0

Июль айына карата Кыргызстанда банкнот жана тыйындардын накталай көлөмү 130 млрд 198 млн 773 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарына таянып, Акчабар финансылык порталы жазды.

Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу накталай акчанын көлөмү 28 млрд сомго көбөйгөн.

Март айынын аягына карата накталай акча 102 млрд 519 млн сом болгон.

Үстүбүздөгү жылдын 30-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 370 млрд 268.71 млн сомду түздү. Анын ичинен 86.4% же 320 млрд.21 млн сом тышкы карыз, 13.6% же 50 млрд 229.51 млн сом ички карызды түзгөн.

30-июнга салыштырмалуу мамлекеттик карыз 16 млрд 504.56 млн сомго өскөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM