4-сентябрдан 30-сентябрга чейин Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы тоннель күнүнө эки жолу жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Тоннелдин жабылышы видеокамераларды орнотуу иштери менен байланыштуу.
Тоннель жабылган сааттар:
— 08:00-09:30 — оңдоо иштери жүрөт (жабык);
— 09:30-14:00 — унаалар өткөрүлөт (ачык);
— 14:00-15:30 — оңдоо иштери (жабык);
— 15:30-08:00 — унааларды өткөрүү (ачык).