Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Шайлоо участкаларынын 65% пандус менен камсыздалган

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 4 Сен 2020 | 449 | 0

Өкмөт шайлоо участкаларында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлүп жатканын кабарлады. 2017-жылы шайлоо тилкелеринин 27 пайызына гана пандустар орнотулса, ушул жылдын сентябрь айынын башына карата добуш берүү участкаларынын 65 пайызы пандус менен жабдылды.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарттарды түзүү маселеси өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экени айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, учурда Брайль тамгалары бар атайын тактайчаларды жана жардам чакыруу баскычтарын орнотуу иштери да жүрүп жатат.

Мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдары материалдык-техникалык база, интернет жана байланыш менен камсыз кылуу иштерин жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM