Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 31 миңден ашык үй-бүлөнүн телефону жок

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 1091 | 1

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы башталганга чейин ар бир мектеп дирекциясы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте атайын мониторинг жүргүзүп, окуучулар арасында телевизор жана телефон жетишсиздиги боюнча сандарды аныктады.

Буга чейин төртүнчү чейректеги дистанттык окутуу мезгилинде министрлик муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөнү телевизор менен камсыздаган.

Жаңы окуу жылынын башталышына чейин министрлик жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен дагы 1928 телевизор, 31 миң 143 смартфон алган.

Жаңы окуу жылынын башталышына карата телевизор жана уюлдук телефон жетишсиздиги боюнча облустар аралык статистика:

Облус/шаар Канча окуучунун үйүндѳ телевизору жок Канча окуучунун ѳздүк уюлдук телефону жок
Талас облусу 0 6113
Ош облусу 85 235
Жалал-Абад облусу  264 953
Нарын облусу 119 54
Баткен облусу 238 2392
Ысык-Көл облусу 544 1137
Чүй облусу 1994 12606
Ош шаары 0 193
Бишкек шаары 350 7717
Республика боюнча 3594 31400

Билим берүү жана илим министрлиги сыналгы жана смартфон жетишсиз болгон окуучуларга жардам берүү иштерин жергиликтүү бийлик менен демөөрчүлөрдүн жардамында жүргүзүүнү улантууда.

1 пикир

1 пикир

  1. Абдысаматова Жаныл

    05.09.2020 23:23

    Менин алты балам бар.Экоо мектепте окушат.Бизде телевизор жок онлайн окуганга.Кимге кайрылсак болот.Алганга шарт жок, квартирада турабыз.Кара жыгач конушунда

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM