Биз менен байланышыңыз

Кавасакиге 8-11 жаштагы балдар көбүрөөк кабылат

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 769 | 0

Дарыгерлердин маалыматы боюнча Кыргызстанда Кавасаки синдромунун белгилери байкалган учур катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө атайын клиникалык колдонмолор иштелип чыгып, бул боюнча окутуулар өткөрүлдү.

«Кавасаки синдрому көзөмөлдө жана кооптонуунун кереги жок. Негизинен вируска кабылганда Кавасакиге окшогон синдромдор пайда болууда. Аталган синдром башка адамга жуга турган оору эмес, ал вируска каршы организмдин реакциясы. Кавасакиге 8-11 жаштагы балдар көбүрөөк кабылат», — дейт министрдин орун басары.

Үсөнбаевдин маалыматына караганда, Казакстанда 19-августта 14 баладан Кавасакинин белгилери аныкталган.

Кавасаки синдрому 1967-жылдан бери белгилүү болгон. Көбүн эсе Чыгыш Азия өлкөлөрүндө тараган. Ал балдардын организмде болуп, бездери чочугандыктан териде сезгенүүнүн белгилери байкалат. Японияда 100 миң баланын ичинен 240, Кытайда 51, АКШда 20, Улуу Британияда 8 балада байкалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM