Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Элдин укугу үчүн эл менен биргебиз

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 1137 | 0

Ушул тапта «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапташтары штабдын алдына чогулуп жатышат. Алар ар кайсы аймактардан келишкен. Кабарчыбыздын маалыматына караганда, алар аталган партияны шайлоого катыштырбай койгонуна нааразы болушуп, президентке да кайрылышты.

Чогулгандардын алдына партия лидери Адахан Мадумаров чыгып, Боршайкомдун чечими «жапайычылык» болгонун айтты.

«БШКдагы жумушчу топ «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы эч кандай мыйзам талаптарын бузган эмес, каттоого алынсын» деген токтом чыгарган. Муну Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова да айтты. 15 мүнөткө жарыяланган танапис 40 мүнөткө созулуп, ал убакытта эмне чечилгенин баары түшүндү окшойт. Бул саясий чечим болду. Биз сотко кайрылабыз, Бирок сот деле адилеттүү чечим чыгарат дегенден алысмын. Бирок эл талап кылса, биз элдин алдында болуп берүүгө даярбыз. Эл өз укугу үчүн өзү күрөшсүн. Алар бизди ушуга мажбур кылып жатат», — деди Мадумаров.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездде мыйзам бузганы жүйөө келтирилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM